БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду.
Иш-чара "Ынтымак ордо" комплексинде уюштурулуп, флагштокторго Кыргызстандын жана Тажикстандын желектери илинди. Мындан тышкары, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.
Эки өлкө лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң Ардак кароол ротасынын командири рапорт берип, мамлекет башчылары аскердик түзүмдү айланып чыгышты.
Азем учурунда лидерлер мамлекеттик желекке урмат көрсөтүп, Рахмон аскер кызматкерлерине кайрылып, "Салам, аскер!" деп учурашты.
Эске салсак, кечээ Тажикстан президенти мамлекеттик сапар менен келген. Анын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.