Көк бөрү оюнундагы улакчынын өлүмү боюнча иш козголуп, шектүүлөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Көк бөрү оюнундагы улакчынын өлүмү боюнча иш козголду. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атаандаш ("Бүркүт") команданын оюнчусу менен калыс кармалган.
Милиция берген маалымат боюнча, оюндун шарты одоно бузулган. Тергөө "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен жүрүп жатат, экспертизалар дайындалды.
29 жаштагы А.Ч. аттуу спортчу жана 42 жаштагы калыс Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эске салсак, буга чейин Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон.
Бишкек — Ош жолунда сөөк алып бара жаткан унаа кырсыктап, үч киши каза болду