Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалымактка караганда, 1996-жылы мэриянын токтому менен "Кайнар" ЖАКга 64 сотых жер пайдаланууга берилген.
1 / 2

Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү

2 / 2

Маалымактка караганда, 1996-жылы мэриянын токтому менен "Кайнар" ЖАКга 64 сотых жер пайдаланууга берилген

"2012-жылы "Кайнардын" жетекчилери муниципалдык кызматкерлер менен келишип жерди мыйзамсыз каттаткан. Кийин 1,4 миллион долларга курулуш компанияга сатышкан. Учурда аталган аймакка "О2 Эко комплекс" турак жай комплекси курулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
"Кайнардын" жетекчиси Ш.Т.А. турак жай комплексиндеги 373,63 чарчы метрлик коммерциялык жайын мамлекеттин балансына өткөрүп, келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Нарында мурдагы "Дружба" лагеринин 4,5 гектар жери мамлекетке кайтарылды