Президенттер кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюп, чек ара ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара боюнча келишимге кол коюшту.
Муну менен катарлаш эле эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын ачылыш аземи болду. Буга өлкө башчылар онлайн уруксат беришти.
Кеп "Кайрагач" (Лейлек району) жана "Кызыл-Бел" (Баткен району) көзөмөл-өткөрмө пунктулары жөнүндө болууда. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери президенттерден бул пунктулардын ишин кайра жандандырууга уруксат сурашты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 2021-жылдын май айындагы куралдуу жаңжалдан кийин жабылган.
Жапаров: кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тарыхый окуя болот