Криптовалютаны колдонууда терең анализ, биржалардын иштөөсү боюнча түшүнүк болушу зарыл. Ансыз каражатыңды көз ирмемде жоготуп алышың ыктымал. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, криптовалютаны айлантууда эркиндик бар болгону менен анын баасы кескин өзгөрүп турат.
"Криптовалютанын ыңгайлуу жагы — көзөмөлдүн жоктугу, бир мамлекетке же органга байланбаган эркиндиги. Демек, бул — ири акчасын бир өлкөдөн экинчиге которууну көздөгөндөр үчүн ыңгайлуу каражат. Аны жөнөкөй турмушта колдонуу ыңгайсыз. Анткени куну өтө тез жана ири айырмачылык менен секирип турат. Мисалы, бир канча саатта эле өзгөрүп кетиши мүмкүн. Андыктан жай турмушта же депозит катары колдонууга ыңгайсыз. Айрымдар криптовалютаны санарип акча менен алмаштырышат. Бул — жаңылыш түшүнүк. Анткени экөөнүн такыр байланышы жок. Санарип акча мамлекет тарабынан чыгарылып жана көзөмөлдөнгөн туруктуу каражат болот, бизге жаңы кирип жатат. Ал эми криптовалютаны бир киши деле чыгарып биржада соодага чыгара алат. Ошондуктан каржы алдамчылары криптовалюта аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөнгө далалаттанышат ", — деди Мамытов.
Ал криптовалютанын техникалык коргонуусунда да коркунуч бар экендигин кошумчалады.