Шаар 2,5 жылдан ашык, тагыраагы, 1941-жылдын 19-сентябрынан тарта немецтердин кол алдында калган. 6-марттын таңында 3-Украина фронтунун аскерлери чабуулга өткөн. Жети миңге чукул курал-жарак, миномет, 570тин айланасындагы танк жана өзү жүрүүчү артиллериялык техникалар менен согушка 500 миңге чукул аскерлер, офицерлер кирген.
Березнеговато-Снигири операциясынын жүрүшүндө немецтердин 6-армиясынын таш-талканын чыгарышкан. Гитлерчилер 50 миңден ашык аскеринен ажыраса, алардын ичинен 13 миңи туткунга түшүп калган.
Жеңиштин урматына Москвада 224 замбиректен 20 залптык салют атылган. Сталиндин буйругу менен Херсонду бошотууда каармандык жана эрдик көрсөткөн бөлүктөр үчүн "Херсончулар" сыйлыгы ыйгарылган.