Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы соодагерлерге жумуш орундарын сунуштоодо

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы соодагерлерге жумуш орундарын сунуштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, мэрдин орун басары Рамиз Алиев "Ош" базарындагы чарбалык субъектилердин ээлери менен жолугушкан.
"Жыйында башаламан соода кылгандарга базардын ичинен же муниципалдык чарбалардан иш сунуштоо милдети коюлду. Учурда "Ош" базарында жашылча-жемиш саткандар үчүн 72 орун, сүт азыктарын саткандар үчүн жети орун бош турат. Мындан тышкары, шаардык кызматтарда 1500гө жакын жумуш орду бар", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия жакында "Ош" базарындагы Ала-Арча суусунун нугу тазаланып, мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждаларын кошумчалады.
Бишкек мэри "Ош" базарындагы соодагерлерге жаңы базарга көчүү шартын түшүндүрдү