БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова майып балдардын ата-энелерин мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам алуучулардын тизмесине кошууну сунуштады.
Анын айтымында, мындай үй-бүлөлөр финансылык кыйынчылыктарга кабылып, юристтердин кызматын төлөй алышпайт.
Мындан улам никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, бала менен мамиле түзүүнүн тартибин аныктоо, өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу, өзүнүн балдарын мектепке чейинки, жалпы, кесиптик окутууда багуу жөнүндө доолор боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү сунушталууда.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 72 депутат мыйзам долбоорун колдоп, каршы чыккандар болгон жок.