БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +18…+20 градусту көрсөтөт.