Бул ирет биз «Стоп Кадр» программасынын алкагында «Сырдуу Самарканд» тасмасында кандай сырлар катылганын ачканга аракет кылдык. Аталган фильм Самаркандда тартылып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү даярдаган орток долбоор. Тасманын продюсери жана режиссеру Найзабек Сыдыковдун айтымында, бул кино коңшу элдер менен ынтымакты, достукту бекемдөөгө жана тарыхты үйрөнүүгө чакырат. Жанры комедия. Баса, бүгүн 13-марттан баштап Кыргызстандагы кинотеатрлардан көрсөтүлө баштамакчы.