Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми сыналат

Sputnik
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми сыналат. Механизм 2025-2026-окуу жылында ишке ашырылып, Баткен облусунан башка аймактарда педагогикалык адистиктер боюнча жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлигине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттук апробациянын жыйынтыгын чыгарып, президенттик администрацияга сунуштарды берүү тапшырылды.
Ваучердин наркы, системаны ишке ашыруу сыяктуу суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишарапов жооп берди.