Эртең Бишкектен Душанбе менен Кожентке авиакаттамдар ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки авикаттам ачылат. Бул тууралуу өлкө президенттеринин биргелешкен билдирүүлөрүнөн белгилүү болду.
Маалыматка караганда, эртең Бишкектен Душанбеге жана Кожентке авиакаттамдар ачылат.
Ошондой эле өлкө башчылар автобустук каттамдар да жанданарына үмүт артышарын белгилешти.
Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы төрт жыл мурдагы куралдуу жаңжалдан кийин чек ара жабылып, бардык байланыштар үзүлгөн. Чек аранын такталышы менен бул алакаларды жандандыруу макулдашылды.
Кожентте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан маанилүү документке кол коет