БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Киев согуш отун толук токтотууга даяр экендигин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мен Украинага караганда Россия менен иш алып баруу оңой деп айткам, негизи тескерисинче болушу керек эле. Бирок ошондой болсо да Россияны тартууга үмүт артып турабыз. Украина тарап менен согушту толук токтотуу боюнча сүйлөшкөнүбүз жакшы нерсе", — деди Трамп ишкерлерге арналган жыйында сүйлөп жатып.
АКШ лидери, мындан сырткары, Владимир Зеленскийди Ак үйдө күтөрүн айткан.
"Албетте, сөзсүз болот", — деген ал журналисттин Киев режиминин башчысын кайрадан чакырасызбы деген соболуна жооп узатып.
Трамп Россия лидери менен да сүйлөшүү ниетин билдирген.
"Владимир Путин менен да сүйлөшөм. Танго бийлеш үчүн эки киши керек да, туурабы? Андыктан макул болот деп ишенем. Негизи мунун (сүйлөшүүлөрдүн – ред.) 75 пайызы чындыкка жакындап калган деген ойдомун. Калганы — документтерди толтуруу", — деген Трамп.
Журналисттин "сүйлөшүү бул аптада болобу" деген суроосуна да "ооба" деген тейде жооп берген.
Эске салсак, 11-мартта Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү. Ага Америка тараптан мамлекеттик катчы Марк Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц, Украинадан аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Андрей Сибига, Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жана коргоо министри Рустем Умеров келген. Анда Украина АКШнын 30 күндүк ок атышпоо келишимин тез арада киргизүү боюнча сунушун кабыл алууга даяр экени маалым болду. Бул тараптардын өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн. Америка чалгын тууралуу маалыматтарын берүү боюнча тыныгууну алып салмай болду. Украин делегациясы чыр-чатакты токтотуу боюнча "так кадамдарды жана сунуштарды" демилгелеп, Вашингтон менен Киев Украинанын кен байлыктарын иштетүү боюнча кеңири келишим түзүүнү макулдашкан.