БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
47 жаштагы Мадяров 2022-жылдан бери президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп келген.
КМУнун юридикалык факультетин аяктап, кийин Россиянын президенттик академиясында "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча билим алган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.