Радио

Дуйшенкулова: орозодо пайдалуу азыктарды жегенге аракет кылыңыз

Нутрицолог Марина Дуйшенкулова
Нутрицолог Марина Дуйшенкулова орозо айында туура тамактануу менен бирге азыктарды да туура тандоо зарылдыгын айтты.
Sputnik
Орозо тутууну каалагандар орозо айына акырындык менен даярданышы керек. Анткени тамактануунун режими күтүүсүздөн өзгөргөндө организм стресс алат. Бул тууралуу Марина Дуйшенкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ооз ачууда жана бекитүүдө организмге пайдалуу азыктарды жегенге аракет кылуу абзел.
"Ачка болгондо кан басым жана канттын көлөмү нормага келет. Ошондой эле ичеги-карын да тазаланат. Бирок бул баарына эле жага бербейт. Орозо туткандар ден соолугуна кайдыгер карабастан, тамактанууда пайдалуу азыктарды жеп-ичиши керек. Көпчүлүгү ооз бекиткенде көп тамак жесем кечке чейин ток, энергиялуу жүрөм деп ойлойт. Тескерисинче, мында ашказан кеңейип, тамак кеч сиңет. Негизи ооз ачканда дароо тамактангандан кармануу зарыл. Алгач жылуу суу ичип, 20-30 мүнөт өткөндөн кийин тамактанган дурус. Суу ичүү менен күнү бою ачка жүргөн организмди тамактанууга даярдайбыз. Белок, оор углевод, май камтыган азыктарды колдонгонго аракет кылыңыз. Тарелканы үч секцияга бөлүп, анын 50 пайызын мөмөлөр жана жашылчалар, 25 пайызын эт азыктары, дагы 25 пайызы дан азыктары камтышы керек. Алар кайнатылып же бууга даярдалып, мөмөлөрдөн, жашылчалардан жасалган салаттар чийки болгону жакшы. Ошондо бизге керектүү витаминдерди ала алабыз. Азыктанып жатканда шашпай, майда чайнап жегенге маани бериңиз. Ал эми өтө туздуу, майлуу, ачуу, куурулган жана эскирген тамактарды жегенге болбойт. Таттуулардан баш тартып койгонуңуз оң" , — деди Дуйшенкулова.
Ал ошондой эле орозо аяктагандан кийин мурдагы тамактануу режимине да акырындык менен келүү керектигин кошумчалады.