4 жыл жабык турган. Эртең Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын ачат

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Эртең, 13-мартта, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачыла турганын Баткен облусунун бийлигинен тастыкташты.
Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" чек ара (көзөмөл) өткөрүү жайынын расмий ачылышы эртең болору айтылды. Ага президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон аралыктан катышмакчы.
Эске салсак, мамлекеттердин чек арасы 2021-жылы майда болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган.
Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Мамлекеттик сапардын алкагында эртең мамлекет башчылар өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстан сооданы 500 млн. долларга жеткирүүнү талкуулады