ЖК төрагасы ЖРТ тапшырмасы менен мектеп программасы дал келбесин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жалпы республикалык тесттеги тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айтты.
Төрага бул боюнча канча жылдан бери айтылып, депутаттарга да кайрылуулар көп түшүп жатканын белгиледи.
"11 жыл окуган бала ЖРТга катышып, жакшы жыйынтыкка жетпей жатат. Себеби тесттеги тапшырмалар мектеп программасына дал келбейт. Окуучулар айла жоктон ЖРТдан жакшы балл алыш үчүн акча төлөп даярданып жатышат. Мындай убарагерчиликтин эмне зарылдыгы бар? Андан көрө мектеп программасына тесттеги тапшырмаларды дал келтириш керек", — деди Тургунбек уулу.
Жыйында отурган билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева пикирди колдоп, бул жаатта иштер жүрүп жатканын айтты.
Жогорку кеңеш депутаты Надира Нарматова. Архив
Депутат: министр билим берүүнү талкалаганы келген окшойт. Видео