БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. КРСУ СССРдин баатыры Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул демилге Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата көтөрүлгөн.
"Эстелик 1972-жылы Панфилов айылында жергиликтүү тургундардын каражаты менен орнотулган. Учурда ал эскирип, гранит плиталары сынып, жаңыртууга муктаж. Пайдубалын да суу жеп кеткен. Акыркы жолу эстелик 2018-жылы коомдук ишембилик учурунда иретке келтирилген, бирок анда толук реконструкция жүргүзүү үчүн жетиштүү каржылык жардам табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.
КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков Россиянын Свердлов облусунун депутаттарына финансылык жардам табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.
КРСУ 9-майга чейин бардык иштерди бүтүрүүнү көздөп жатканы кошумчаланды.