Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБге продукциясын экспорттой алат

Кыргызстан жана ЕАЭБ желектери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукциясын экспорттоого укуктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал белгилегендей, бир нече ата мекендик компания Кытайда, Өзбекстанда жана Түркияда ушундай реестрге киргизилген.
"Биз 80ден ашык өлкөгө айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрүн экспорттойбуз", — деди Төрөбаев.
Ак май өндүрүү. Архив
Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын ак майына кызыгуу кескин өскөн