Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын ак майына кызыгуу кескин өскөн

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ак майынын экспорту бир жарым эсе өскөнүн Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Бул — 2023-жылга салыштырылган былтыркы жылдын көрсөткүчү. Статком билдиргендей, 2024-жылы дээрлик эки миң тонна ак май экспорттолгон.
Негизги сатып алуучулар:
Россия — 1,2 миң тонна (өсүш 30 пайыз);
Казакстан — 704 тонна (өсүш 2,6 эсе).
Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң төмөнкү инфляция катталган