Финансы министрлиги: Кыргызстан былтыр чет жактан 21 млрд. сом кредит алган

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстан былтыр чет мамлекеттерден 21 миллиард сом насыя алган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин өкүлү Нурбек Акжолов билдирди.

"2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, 35 миллиард сом өздөштүрүлгөн. Анын ичинен 14 миллиард сом грант түрүндө келген, 21 миллиард сом сом кредитке алынган", — деди Акжолов.

Ал 2025-жылга карата чет жактан 41 миллиард сом, анын 13 миллиард сому — грант, калганы насыя алуу каралганын кошумчалады.
"Алынган кредиттер өз графиги менен убагында төлөнүп жатат, мында маселе жок", — деген ал.
Кыргызстан Кореядан 500 млн. доллар кредит алат. Акча эмнеге жумшалат