БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү.
РИА Новости Жиддадагы сүйлөшүүдөн кийинки билдирүүлөрдүн урунттуу учурларын тизмектеди:
30 күндүк ок атышпоо келишими тараптардын өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн;
АКШ чалгындоо маалыматын алмашуудагы тыныгууну алып салып, Украинага коопсуздук жардамын калыбына келтирет.
АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио токтолгон учурлар:
Жолугушууда украин делегациясы чыр-чатакты токтотуу боюнча "так кадамдарды жана сунуштарды" айтты;
Трамп ок атышуу токтошун каалайт, Украина ага даяр, АКШ эми Россиянын жообун күтүүдө;
АКШ Россия ок атышпоо тууралуу сунушту кабыл алат деп үмүттөнөт;
Вашингтон менен Киев Украинанын кен байлыктарын иштетүү боюнча кеңири келишим түзүүнү макулдашты.