Мектеп рекетчилигин жоюу үчүн мугалимдердин укуктарын кеңейтү зарыл

Sputnik
Соңку учурларда тилекке каршы мектеп окуучуларынын арасында жаңжалдар көп катталууда. Арасында өлүм менен аяктагандары да бар. Коомчулуктун үрөйүн учурган бул маселеде алгачкы көйгөй катары педагогдор, мугалимдердин милдеттери көбөйүп, укуктары кыскарып кеткенин айтышат.
Окуучу менен мугалимдин ортосунда сый жана түшүнүшүү мамилеси болушу үчүн педагогдор мыйзам менен корголушу зарыл дейт биздин бүгүнкү "Кеменгер" уктуруубуздун коногу, көп жылдык иш тажрыйбасы бар педагог, билим берүү тармагындагы эксперт Дүйшөн Батырбеков.