"Тагдыр чечилүүдө". Песков Россияга каршы жүрүп жаткан согуштар тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Россияга карата квази жана прокси-согуш жүрүп жатат деген пикирин эл аралык "Заманбап медиа: ойлонулган стратегия жана кадрларды даярдоо" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда айтты. Бул тууралуу "Известия" жазды.
"Согуш болууда. Биздин өлкөгө каршы квази-cогуш (расмий жар салынбай, бирок реалдуу түрдө жүрүп жаткан кармаш, тиреш — ред.) жүрүп жатат. Прокси-согуш. Кандай атасаңар да ал болуп жатат. Башында атайын аскердик операция катары башталган, бирок бара-бара андан да чоңураак, бүт дүйнө үчүн, эң башкысы, биз, өлкөбүз үчүн тагдыр чечерлик нерсеге айланып кетти", — деди Песков.
Расмий өкүлдүн айтымында, үч жылдык атайын операциянын учурунда Россия маалыматтык согуш жүргүзүүдө бир топ тажрыйба топтоду. Песков мындай нерседен кийин кыйынчылык менен күрөшүп, иштей билген таланттуу журналисттер менен медиа адамдарынын мууну өсүп чыкканын белгиледи.
Эске салсак, мындан мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алып, туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ким Дотком: Украина менен НАТО кыйыр согушта жеңилди