БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Нарында пионерлердин "Дружба" лагери 4,5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал эч кандай документтери жок "Үмүт" кооперативине өтүп кеткен.
"2008-жылы "Үмүт" кооперативинин директору Р.К. тарабынан "Дружба" лагери М.Б.С. аттуу жаранга сатылган. Мурдагы кожоюндары лагердин турак жай корпустарын демонтаждап, материалдарын саткан. Натыйжада жер тилке гана калган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөнү кошумчаланды.