БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Москва жана Подмосковьеге жасалган дрондордун чабуулунан Домодедово аэропортунда "Мираторгдун" кызматкери каза тапты. Бул туурасында РИА Новостиге аталган компаниядан кабарлашкан.
"Дрон саат 05:14 чамасында Домодедоводогу дистрибьютордук "Мираторг" компаниясынын аймагына кулады. Тилекке каршы, кызматкерлердин бирөө көз жумду, жарадар болгон экөө ооруканага жеткирилди. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө", — деп билдирген аталган уюмдан.
РИА Новостиге ыкчам кызматтардын ичинен жабыркагандардын саны беш кишиге жеткенин, андан сырткары, 20 транспорт каражаты талкалангандыгын айтышты. Учурда ал жерде ӨКМ, медиктер жана тартип сакчылар иштеп жатат.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев борбор шаар менен аталган облуска дрондордун жапырт чабуулу саат төрттөр чамасында болгонун билдирди. Алгач бир киши өлүп, үчөө жарадар болгонун айткан. Облус башчысы андан кийин пилотсуз учуучу аппараттын сыныктары Раменск аймагындагы көп кабаттуу үйгө келип түшкөнүн, 19-кабат менен 22-кабаттын ортосундагы батирлердин ичинен жетөө талкаланганын билдирген. Бул имараттан үч баланы кошкондо 12 кишини коопсуз жайга алып чыгышкан.
Москванын мэри Сергей Собянин калааны көздөй учурулган 73 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Домодедово, Шереметьево, Внуково, Жуков аэропортторунда, ошондой эле Нижний Новгороддогу Стригино жана Ярославлдагы Туношна аэропортторунда аба каттамдары токтотулду.
"Жогорку даражалуу чет элдик делегациянын Москвага сапары биринчи жолу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн дрондору менен коштолуп жаткан жок. ЕККУнун башкы катчысы Москвага келген бүгүн түнү да Киев бийлиги пилотсуз учуучу аппараттарын жөнөткөн", — деген Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.