БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Журналист ага "Максим Бакиев Кыргызстанга келди" деген маалымат тарап жатканын айтып, мындай болушу мүмкүнбү деген суроо узаткан.
Өлкө башчы Максим, Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгонун, келсе камаларын айтты.
"Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" дешти. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул болуп алып келип, ЖЭБ, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе, аны бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай. Ячейкаларда канча акча болгон? Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат", — деген Жапаров.
Президент айрымдар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет-бучкагын угуп, Максим Бакиев тууралуу жалган маалымат таратып жатышкандыр деп божомолдогон.
Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Ак үйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп, 30 жылга кыскарткан.
Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков үч иш боюнча коррупцияга айыпталып абакта отурган. 2020-жылдагы Октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк башка иш боюнча дагы айыпталып издөө жарыяланган.