Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң төмөнкү инфляция катталган

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Январда инфляция Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан алып караганда эң аз болгон. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматында айтылат.
Январда ЕАЭБде керектөө баасынын индекси 1,2 пайызды түздү. Анализде эл көп колдонгон товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы эске алынган.
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү инфляциянын көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Армения – 1,4 пайыз;
Россия – 1,2 пайыз;
Казакстан – 1,1 пайыз;
Беларусь – 0,7 пайыз;
Кыргызстан – 0,6 пайыз.
ЕЭКтин маалыматына ылайык, эт жана эт азыктарынын баасы Арменияда 1,2 пайызга арзандаган. Ал эми Беларуста 0,1 пайыз, Кыргызстанда 0,6 пайыз, Россияда, 0,7 пайыз жана Казакстанда 1,1 пайыз көтөрүлгөн.
Нан азыктары Кыргызстанда 0,2 пайыз, Арменияда 0,3 пайыз, Беларуста 0,4 пайыз, Казакстанда 0,8 пайыз, Россияда 1 пайыз кымбаттаган.
Жалпысынан ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк баалары январь айында 1,3 пайызга өскөнү айтылды.
Маркетплейстен товар алгандар кайтара алат. ЕЭК макулдашуунун долбоорун даярдады