АКШда кыргызстандык жубайлар 6 жашар баласы менен киши колдуу болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. АКШнын Иллинойс штатында кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болгонун Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы М.А. (Азамат), анын 48 жаштагы аялы А.Б. (Бермет) жана жубайлардын М.А. аттуу алты жашар баласынын сөөгү табылган.
Тергөөнүн купуялуулугу үчүн окууянын чоо-жайы ачыктала электиги белгиленди.
Министрлик сөөктөрдү өлкөгө алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Социалдык тармактардагы маалыматка ылайык, үй-бүлө логистикалык компанияга ээлик кылган.
АКШда кыргызстандык 38 жаштагы аял автокырсыктан каза болду