Радио

"Кыргыз почтасы" аркылуу почта жөнөтмөлөрүнүн көлөмү 90 эсеге өстү

"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова мамлекеттик электрондук почта системасын ишке киргизүү иши жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, "Кыргыз почтасы" 17 миңден ашык почта жөнөтмөсүн жеткирген. 2023-жылдан тарта маркетплейстер менен келишим түзүп, почта жөнөтмөлөрүнүн саны 1 миллион 739 миңге жетип, көлөмү 90 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан почта кызматынын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орундан 29-орунга көтөрүлдү.
"Кыргызстанда электрондук коммерция тармагы өнүгүп, "Кыргыз почтасы" ага активдүү катышып келет. Алсак, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, "Кыргыз почтасы" 17 миңден ашык почта жөнөтмөсүн жеткирген. 2023-жылдан тарта маркетплейстер менен келишим түзүп, почта жөнөтмөлөрүнүн саны 1 миллион 739 миңге жетип, көлөмү 90 эсеге көбөйдү. Кыргызстандыктар чет өлкөлүк маркетплейстерден буйрутма бергенди жакшы өздөштүрүп, бул көрсөткүч тынымсыз өсүүдө. Ага байланыштуу "Кыргыз почтасы" 2023-2025-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитип, санариптештирүү багытында бир катар иштерди жасады. Учурда мамлекеттик электрондук почта системасы ишке киргизилип жатат. Кыска мөөнөттө натыйжа берип, эл аралык кызматташтыкты да жакшыртканга жетиштик. Мындан тышкары, Кыргызстан почта кызматынын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орундан 29-орунга көтөрүлдү",— деди Масиянова.
Ошондой эле ал пенсияны таратуу боюнча Социалдык фонд менен бирге санариптик интеграция жүрүп, кызмат корсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.