БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 1-апрелден баштап ишкерлерге эсеп-фактураны кагаз түрүндө тапшырууга мүмкүндүк берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде суроолорго жооп берген.
Ысабековдун айтымында, эсеп-фактураларды электрондук түрдө тапшыруу ишкерлерге ыңгайсыздыктарды жараткандыктан жарым жылга кагаз түрүндө тапшырууга уруксат берилүүдө. Октябрдан тартып электрондук түргө өтөт. Ага сатып алуучунун салыктык идентификациялык номерин жана сатылган товардын баасын жазуу керек.
"Мисалы, Асанов деген ишкерге товар саттым. Анын ИННин жана сатылган товардын баасын, мисалга, 500 миң сом деп жазам. Асанов ага келген "Ысабеков деген жеке ишкер 500 миң сомго товар сатты" деген билдирүүнү көрүп, туура болсо кабыл алат. Туура эмес болсо кабыл албайт. Бул система менен телефон, компьютерде иштеген жеңил болот", — деди Ысабеков.