МИК АКШда жана Россиянын үч шаарына бир өкүлчүлүк ачат

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россиянын Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург шаарлары үчүн МИКтин өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал буга чейин бир өкүлчүлүк Москвада ачылганын эске салды.
"Россиянын бардык шаарында ачууга мүмкүн эмес, бирок кыргыздар көп жашаган шаарлардагы консулдуктар менен иштеп жатабыз. Жакында Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург шаарлары үчүн МИКтин өкүлчүлүгү бир жерде ачылат", — деди Туманбаев.
Ал ошондой эле АКШнын Чикаго шаарында дагы өкүлчүлүк ачуу пландалып жатканын кошумчалады.
Жапаров: курулуп жаткан үйлөр бүтсө МИКтеги кезек миңдеп жылат