Лавров ЕККУнун баштапкы максаты менен принциптери одоно бузулганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) баштапкы максаттары менен принциптери көз жаздымда калып, одоно бузулууда. НАТО менен Евробиримдик уюмду туңгуюкка кептеди. Бул тууралуу Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу менен жолугуп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Уюмду түзүүдөгү баштапкы максат, консенсуска келүү менен макулдашылган өзөктүү принциптер азыр одоно бузулуп жатат", — деген министр.
Лавров Синирлиоглу катчылыктын башына оңой эмес мезгилде келгенин белгиледи.
"Хельсинки актысынын 50 жылдыгына уюм НАТО менен Евробиримдик өлкөлөрү кептеген терең кризиске батуу менен келди", — деди ТИМ жетекчиси.
Министр Россия ЕККУну алгачкы абалына кайтаруу үчүн Синирлиоглунун тажрыйбасы менен даанышмандыгына ишенерин билдирген.
Киевге убада берилген эмес... НАТО башчысынын билдирүүсү