Чек ара боюнча келишимге кол коюлат. Рахмондун мамлекеттик сапары

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапарынын алкагында чек ара боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Эске салсак, коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстанга 12-13-мартта келет.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Рахмон мамлекеттик сапарынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугары пландаштырылган.
"Эки президенттин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу каралган", — деди Азымбакиев.
Кыргызстан менен Тажикстан сооданы 500 млн. долларга жеткирүүнү талкуулады