Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Арабиядагы америка-украин сүйлөшүүсүнө Зеленский катышпайт

АКШ мамкатчысы Киевге аскердик жардам берүүнү Жиддадагы жолугушуу чечерин айтты
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Сауд Арабиясында өтчү АКШ менен Украина сүйлөшүүсүнө келчү адамдардын тизмесинде жок. Бул туурасында Мамдепартаменттин маалыматына таянып РИА Новости жазды.
"Мамлекеттик катчы (Марк- ред.) Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига, Украина президетинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жана коргоо министри Рустем Умеров менен Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жолугат", — деп айтылган анда.
Жолугуу Арабиянын убактысы менен алганда саат 12:00гө (Бишкекте саат 16:00 - ред.) пландалган. Ал эми Рубио Украина аскердик жаңы жардамдын берилер-берилбеси жолугушуунун жыйынтыгына жараша болорун айтты.
"Эртеңки сүйлөшүүлөргө карайбыз. Эгерде канааттанып, президентке жакшы өттү деп маалымат берсек, азыркы коюлган тыным боюнча чечимдер кабыл алынат деп эсептейм", — деп журналисттерге Сауд Арабияга бара жатканда билдирген.
Эске салсак, буга чейин Пентагон РИА Новостиге 4-мартта Украинага берилчү жардамдын бардыгы токтотулуп, тыным ала тургандыктарын билдирген. Ведомствонун өкүлү бул жолдо ташылып бара жаткан курал-жарак, техникага да тиешелүү экендигин кошумчалаган.
АКШ менен Украина Сауд Арабиясында ок атууну токтотуу боюнча маселени талкуулай турганын РИА Новости агенттигине америкалык лидердин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф билдирген эле.
Британиянын Зеленскийди АКШ менен кезектеги сүйлөшүүгө даярдап жатканы айтылды