Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева "Атанын тагдыры" спектаклинде - Жеңишбекти, "Саманчынын жолунда" - Жанболотту ойноп, өз чөйрөсүнүн алкоосуна татыган. Абдубачаева Шекспирдин "Гамлетинде" Озриктин, "Антоний менен Клеопатрасында" – Ираданын, "Ричард IIIтө" принц Уэльскийдин, Горькийдин "Түпкүрдө" драмасында – Аннанын, Думбадзенин "Кам санаба, апаке" спектаклинде – Мзиянын образын жараткан.
Актриса жолдошу Марат Алышпаевди абдан жакшы көрүп, экөөнүн ортосундагы үч уулун “Үч Маратым” деп койчу экен. Райма Абдубачаева оорунун айынан 2023-жылы каза болгон. “Туяк” программасында Райма Абдубачаеванын уулу Улугбек Маратов актрисанын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маек курду.