Өлкөдө мөмө берген бак тигип, ишкерлик кылгандар жылдан жылга көбөйүп жатат. Багбанчылык улам баалуу кесипке айланууда. Бирок саны көбөйгөн менен сапатында өксүк бар экенин адисттер айтып келишет. Анткени бак тигип ага кам көрүү атайын билимди талап кылган өзгөчө кесип. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул мөмө берген бак тигип ага кам көрүү тууралуу сүйлөштүк.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин агротокой жана багбанчылык секторунун башчысы Аскар Эрматов жана Мөмө-жемиштер айыл чарба кластери бирикмесинин жетекчиси Жеңишкүл Нурдинова жооп берди.