Соңку 3 жылда банк тармагы жакшы киреше табууда. Адистер муну каржы системасынын санариптешүүсү менен байланыштырышууда. 2024-жылды эле ала турган болсок мамлекеттик “Айыл Банк” ААКынын активи 157.7 млрд. сомду түзгөн. Таза кирешеси 7.3 млдр. Сомду түзөт. Кредиттик портфели 51.4 млрд болсо, акционердик капиталы 16.5 млрд. сомго жеткен. Мамлекеттик банк ишмердүүлүгүн дагы да өркүндөтүү үчүн кандай долбоорлорду иштеп чыкты? Санариптешүү кадамдары кандай жүрүүдө? Калкты тейлөө, дыйкан, фермер жана чакан ишкерлерди колдоо программалары жемиштүү аткарылуудабы? Кадр маселеси, өзгөчө аймактардагы кадр тапңсыктыгын жоюу кандай чечилет?
Биз бул суроолорубузга “Айыл Банк” ААКынын банк башкармалыгынын төрагасы Тилек алимжановдон жооп алдык.