БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Мектеп имаратында окуган 1-класстарга сабактан кийин калуу (продленка) каралган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева билдирди.
Тактап айтканда, ата-эне 1-класстагы баласын сабак бүткөндө алып кетиши керек. Аларды карап калганга мектепте орун болбойт.
"Быйылкы окуу жылында мектепке жаңы бара турчу бөбөктөрдү мектепке батырганга аракет кылабыз. 2-класстын баары мектептин имаратында окуйт. 1-класстар гана эгер мектепке батпай калса, бала бакча имаратында окушат. Мектеп имаратынан билим алган 1-класстарга сабактан кийин калуу (продленка) болбойт, анткени орун жок", — деди Мусаева.
Буга чейин департамент жетекчиси мектеп имаратына батпай калган окуучулар бала бакчада окутуларын, аларды ата-энелер сабактан кийин кааласа кечке чейин бакчага таштаса болорун айткан.