БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли 20 пайызга азайды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматтарында айтылган.
Ага ылайык, былтыр декабрдын этегине карата ыйгарым укуктуу органдарда 572,2 адам жумушсуз катары катталган. 2023-жылы бул көрсөткүч 700 миңден ашкан.
Кыргызстанда бул учурда жумушсуздардын саны 16,7 миңге азайып, 51 миң адамды түздү.