Британиянын Зеленскийди АКШ менен кезектеги сүйлөшүүгө даярдап жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Улуу Британия Владимир Зеленскийди баш кылып, украин аткаминерлерин Сауд Арабиясында америкалык делегация менен жолугууга даярдап жатат. Бул туурасында "Известия" The Times басылмасына таянып билдирди.
"Улуу Британия Украинанын Кошмо Штаттар менен болчу сүйлөшүүсүнө консультация кылып, кеп-кеңештерди берет", — деп айтылган анда.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жонатан Пауэлл аптанын аягында (8–9-мартта) Украинага Зеленскийди жана башкаларын сүйлөшүүгө катышар алдында "маалымдар кылуу" үчүн келгени айтылат. Лондон АКШ лидери Дональд Трамп менен Ак үйдөгү өткөнкү жолугушуудагыдай кырдаалдын кайталануусунан сактап жатканы кабарланды.
Басылманын жазганына караганда, Пауэлл Зеленскийге АКШ менен сүйлөшүүдө Россия тынчтыктын орношуна тоскоолдук жаратып жатат дегендей пикир калтырууга кеңештерин берген.
Эске салсак, АКШ менен Украина Сауд Арабиясында ок атууну токтотуу боюнча маселени талкуулай турганын РИА Новости агенттигине америкалык лидердин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф билдирген эле.
Эскерте кетсек, 28-февраль күнү сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барып, бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен айтыша кеткен. Америкалык лидер ок атууну токтотуп, Россия президенти Владимир Путинди ыксыз сындай бербөөгө чакырган. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс эпке келбеген Зеленский актанып, Россияны айыптап, АКШны коркута баштаганда аны нысапсыз үгүтчү деп атаган. Украина делегациясы Ак үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп, келишимге кол коюлбай калган.
АКШ тарап Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылган болчу. Киев режиминин жетекчиси Ак үйдөгү окуяга өкүнүп жатканын билдиргени менен кечирим сураган эмес.
ЖМК: Зеленскийди Киевдегилер эле тактан алып түшүшү мүмкүн