БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте премиум-класстагы 24 батир мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрия 2005-жылы курулуш компанияларга 1,5 гектар жерди ижарага берип, акысына батирлердин 13 пайызын алмай болгон. Бирок кийинчерээк соттун чечими менен келишимдин батир берүү пункту жокко чыгарылган. УКМК бул ишке мэриянын кызматкерлери тымызын жардам бергенин болжолдоду.
Мамлекетке "Н.Р." турак жай комплексинен 24 батир (бардык көлөмдүн 14 пайызы) берилди. Анын баары үч бөлмөлүү, аянты 120 чарчы метр экени айтылды.