БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Turkish Cargo жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна авариялык абалда конду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Шеньчжэнден Стамбулду көздөй бараткан учак Бишкектен май куймак.
Конууга жакындап калганда гидравлика системасында көйгөй чыкканы белгилүү болгон. Жабыркагандар жок, учак оңдолору кошумчаланды.