БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп "Украина жашап кете албай калышы мүмкүн" деген пикирин Fox News телеканалына интервью берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Ак үйдүн башчысынан Кошмо Штаттар жардамын токтотуп койгондон кийин Украинанын жок болуп кетүү ыктымалдыгы аны ойлондурбайбы деген суроо узатышкан.
"Ал эмне болгон күндө да жок болот... Экинчиси, бул согуш чыкпашы керек эле, ошондуктан аны бүтүрүп жатабыз", — деп жооп берген Америка лидери.
Өткөн аптада Вашингтон Киевге аскердик жардамды токтоткондон кийин союздаштарынан да америкалык чалгындоо маалыматтарын Украина менен бөлүшүүгө тыюу салган эле. Бирок Трамп ал дээрлик жандангандыгын билдирди.
Анткен менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча аракетине ичи чыкпай жаткандыгына кечээ да басым жасаган.