БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Токмокто кафеге уурулукка кирген киши мас болуп уктап калып, милиционерлер ойготкон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-мартка караган түнү болгон.
"Токмоктогу "Бакыт" кафесинин айгайы иштеп, жерине күзөтчүлөр келген. Алар кафенин терезеси сындырылганын көрүшкөн. Аталган жайдын кожоюну болуп ичке киришкенде чачылган кафеде сейф бузулуп, анын ичиндеги зер буюмдар менен акча жок болуп чыккан. Ал эми залда мас болуп жаткан адамды көрүшөт. Анын жанында уурдалган зер буюмдар менен акча жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Келтирилген чыгымдын суммасы 150 миң сомду түзүп, 41 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.