Жапаров: курулуп жаткан үйлөр бүтсө МИКтеги кезек миңдеп жылат

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Курулуп жаткан үйлөр бүтсө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезегинде тургандар миңдеп жылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, МИК боюнча батирдин чарчы метри Чүй, Бишкекте 650 доллардан, аймактарда 750 доллардан курлууда. Бул МИК 100 доллар кошуп бергенде дагы салыштырмалуу арзан болууда. Мындан тышкары, өлкө башчы МИКте кезек онлайн көзөмөлдөнөрүн, ал эми финансы санариптештирилгенин белгиледи.
"Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеп кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам "оптом" жыласыңар", — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле ал учурда МИКтин уставдык капиталы 1 миллиард долларга жетип, 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга чыгаруу пландалып жатканын кошумчалаган.
"Бардык кичи шаарларга, райборборлорго көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндөн кийин МИК айылдарга киришет. Кимде-ким жаңы үй салам же эски үйүн жаңылайм десе салып берет. Төлөө мөөнөтү 25-30 жыл", — деди Жапаров.
Токмоктон Кара-Балтага чейинки темир жолдун боюна кичи райондорду куруу сунушталды