Өлкөдө кундуз тукум курут болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Айбек Калмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кундуз жашаган аймактар толук изилденип бүтө элек.
"Кызыл китепте Кыргызстанда кундуз жашаган аймак деп Чаткал жана Чоң-Алай көрсөтүлгөн. Биз изилдөө үчүн Чоң-Алайды тандадык. Ал жакта эки жыл изилдөө иштери жүрүп, жакында эле жыйынтыкталды. Фотокапкан коюлду. Жээктеп, жөө изилдедик, сууга анализ жүргүзүлдү. Эки жылдык изилдөөдөн кийин, тилекке каршы, Чоң-Алайда кундуз жок экен деп жыйынтык чыгардык. Ушул жыйынтык айрым ЖМКларга Кыргызстанда кундуз жок деп жарыяланып кетти. Али Чаткал изилдене элек. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын чегиндеги Чүй суусунда кундуз бар деп уктук. Эми ал жерге фотокапкан коюп көрөбүз. Ушул жерде болушу мүмкүн деп болжоп жатабыз. Анткени кундузга ылайык шарт бар. Чек ара аймагы болгондуктан тынч, адам, мал кирбейт. Балык кармагандар да жок. Ошондой эле Чаткал жана дагы бир-эки жер изилденет. Чоң-Алайда да изилдөөлөр уланат. Кыргызстанда кундуз тукум курут болду дегенден алысмын, үмүт бар. Эгерде таптакыр жок болуп кетсе, анда биздеги кундузга окшош түрлөрүн коңшу өлкөлөрдөн алып келип, кайра көбөйтүү боюнча планыбыз бар", — деди Калмаматов.
Ошондой эле ал бар нерсени жок кылуу оңойлугун, бирок калыбына келтирүү абдан кыйын жана ири каражатты талап кыларын кошумчалады.