БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, быйыл чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылат. Муну менен катар быйыл Ак үйдүн айланасындагы таман таштар жаңыланып, бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр отургузулат.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Нурланбек Тургунбек уулу Ак үй маанилүү административдик имарат эле эмес, тарыхый жай экенин белгилеген.
"Андыктан өзгөчө стилде жасалган имараттын айлана-тегереги да талаптагыдай болушу шарт. Себеби Ак үй борбор калаага келген меймандардын, чет өлкөдөн келген туристтердин көңүлүн бурган жай болуп эсептелет", — деген төрага.
Ак үй 1984-жылы ишке берилген, 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө турган президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, болжол менен таман таш төшөөгө 40 миллион сом, фасадын оңдоп-тазалоого 15,9 миллион сом, вентиляция менен кондиционерге 153 миллион сом коротуу каралып жатканын билдиришти. Ал эми жыйындар залы боюнча учурда дизайнерлер иштешүүдө, баасы андан кийин аныкталат.
Мындан тышкары, KOICA аркылуу санариптештирүүгө 8,4 миллион доллар бөлүнөт.