Нарында бороондон улам ашууда эки сутка калган айдоочулар куткарылды

Нарын облусундагы тоолор. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Нарында бороондон улам ашууда калган айдоочулар куткарылды.
ӨКМдин маалыматы боюнча, 9-мартта Миң-Булак айыл аймагындагы Кара-Кужур — Солтон-Сары жолунда бороон болуп, кар жаап, күрткү түшкөн. Мындан улам жүк ташыган 7 машина жолдо туруп калган.
Жол бүгүн таңда тазаланып, жүк ташыган машиналар чыгарылган.
Айдоочулардын бири эки сутка бою суу, нан жок калып ачка болушканын, айла кетип ӨКМге чалышканын айткан.
Паркта скамейкада эс алып жаткан кыз. Архив
Жаздын деми сезилет. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу