Айыл чарба министринин орун басары күздөн бери эт 80-120 сомго кымбаттаганын айтты

Эт базары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Күздөн бери эттин баасы 80-120 сомго кымбаттады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министринин орун басары Самат Насирдинов билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, буга кургакчылыктан улам тоюттун баасы көтөрүлгөнү себеп болгонун айтты.
Ал ошондой эле өлкө өзүн-өзү тоют менен 100 пайыз камсыздай турганын кошумчалады.
Койлор. Архив
Мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Чоо-жайы